19.11.2018 22:46

Атамбаев: Коррупция менен «эл көзүнчө» күрөшүмүш болуу чыныгы коррупцияны жашырып жатат

Атамбаев: Коррупция менен «эл көзүнчө» күрөшүмүш болуу чыныгы коррупцияны жашырып жатат

КР президенти Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү боюнча убадасы жөн гана “эл көзүнө” деген кейпте эле болуп атат дейт экс-президент Алмазбек Атамбаев. Ал “Апрель” телеканалына маек куруп, өлкөдөгү саясий жана экономикалык маселелер боюнча пикирин билдирди. 

Анын айтымында Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Атамбаевдин бушкаруусунун акыркы жылында коррупция менен күрөштөн 8,5 млрд. сом казынага түшкөн. Ал эми акыркы 10 ай ичинде болгону 4 млрд. сомдун тегерегин түзгөн.
“Факт боюнча карасак, коррупция менен күрөшүү эки эсеге кыскарды. Ошол эле маалда күнөөсүз адамдар камакка алынды. Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаковдор сымал. Калган энергетиктерди Сапар Исаковдун камалышын акташ үчүн гана отургузушту. Жөн гана компания үчүн. Анткени Сапар Исаковду отургузушту. Ал болсо мага жазылган бир катка гана кол койгон. Аны дагы Нурсулуу Ахметованын ордуна койгон. Анан калгандарын дагы камаш керек болду. Финансылык документтерге жана келишимдерге кол койгондорду. Чындыгында азыркы тапта көрсөтмө оюн жүрүп жатат. Коррупция менен күрөшүп жаткан өңдүү. Эл ага ишенип жатат. Мына премьерлерди камады. Ошол эле маалда супер-уурулар башкарып жатат. Ошол эле бажы кызматын алсак, анын айынан Кыргызстандын бюджети миллиарддаган каражаттарды жоготууда”,-деди экс-президент.

Анын пикиринде Жээнбеков баштаган күрөштө Исаков менен Кулматовду камоо бул - жөн гана шылтоо.
“Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов эмнеге камакка алынды? Анткени Сапар Исаков Жээнбековдун өтүнүчтөрүнө карабастан Раимди жумуштан алган. 23-ноябрда Сапар Исаков мага чалган. Кечээ, түндө дагы Жээнбеков чалып Раимден жумуштан кетирбе деп жалдыраган деп айткан. Бул Раим үчүн Сапар Исаковдон өч алуу болуп эсептелет. Тил албаганы үчүн.  Анын үстүнө Жээнбеков "эртең инаугурация болот, мен Президент  болом",- деп Сапарга айткан. Кулматовду эмнеге камашты? Анткени ал бажыны Раимдин кишилеринен тазалай баштаган. Бирок ал билген эмес ал жактагы тыгыз байланышты. Алар Раимдин жана Жээнбековдун кишилери болгон. Эсиңердеби, Оштогу бажыдан бир күндүн ичинде түшкөн кирешенин көлөмү 10 эсеге көбөйгөн. Бул деген чоң акчалар. Мына ушул үчүн Кубанычбек Кулматовду камашкан. Орусиялык паспорту үчүн эмес, өкмөттүн тапшырмасы менен курулган мектеп үчүн эмес, бул Раим үчүн өч алуу. Бул кайсы бир үй бүлөлөрдү тойгузуп жаткан адамдар. Мына чындык. Бул коррупция менен күрөш эмес. Биз азыр көрүп жатабыз бул коррупционерлер ар кандай юбилейлерде, үлпөт тойлорунда эң барктуу коноктор болуп журүшөт”,-дейт Атамбаев.